Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Балыкчыда ок тийген милиция кызматкери каза болду


Балыкчы шаарында белгисиз бирөө атып кеткен милиция кызматкери каза болду. Дагы бир ок тийген жол кайгуул кызматынын өкүлү ооруканада. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Ок жегендердин аты-жөнү азырынча айтыла элек.

Аларды бүгүн кечки саат бештер чамасында Боом капчыгайына кеткен жолдо өз кызматтарын аткарып жаткан учурда атып кетишкен. Милициядагы ыкчам маалыматка ылайык, ок чыгаргандар BMW үлгүсүндөгү унаада болгон. Кимдер экени азырынча белгисиз.

Окуяга байланыштуу Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында милиция күчөтүлгөн күзөткө өттү.(SE\MK)

XS
SM
MD
LG