Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Украинада терроризм коркунучу күч алганы эскертилди


Украинанын коопсуздук кызматтары өлкөдө терроризм коркунучу күч алганын эскертти. Аэропорттордо, темир жол жана унаа бекеттеринде, электр өндүрүүчү ишканаларда коркунуч күчтүү экени кабарланды. Аталган кызматтар мамлекеттик имараттарды басып алуу да терроризм катары бааланарын кошумчалады.

Буга чейин президент Януковичтин бийлигине каршы жарандар тарабынан мамлекеттик мекемелерди басып алуу аракеттери болгон.

Жекшемби күнү түштөн кийин Киевде оппозиция уюштурган кезектеги демонстрацияга 50 миңдей киши келгени айтылууда. Акция учурунда оппозиция лидерлеринин бири Виталий Кличко президенттин бийлигин чектөөчү конституциялык реформаны тез арада өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG