Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:02

Муфтият Оштун мурдагы казысынан карыз доолоп жатат


Ош облусунун мурдагы казысы Султанали Гапуров казыятка тиешелүү акчаны жана унааны азыркы казыга бербей жатканы тууралуу муфтият маалымат таратты. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын расмий сайтына жайгаштырылган билдирүүдө Гапуров казыяттын 10 миң долларын жана кызматтык унаасын бербей жүргөнү айтылат.

Султанали Гапуров бул маалыматтар аны каралоо максатында жазылганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кызматтык унаа бардык документтери менен Бишкектеги таанышынын үйүндө турат. Каалаган учурда барып аны алып кетүүнү муфтияттын кызматкерлерине бир жума мурда айткан.

Ал эми облустук казыяттын акчасы анда экени чын. Бирок муфтияттын билдирүүсүндө айтылгандай, 10 миң доллар эмес, 300 миң сомго жакын акча. Аны он беш күндүн ичинде кайтарып берерин Гапуров азыркы казы Ниязали Арипов менен макулдашкан.

Султанали Гапуров бир ай мурун облустун казысы кызматынан кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG