Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Ок тийген жол кайгуул кызматкеринин абалы туруктуу


Ысык-Көлдө белгисиз бирөөлөрдүн огунан жабыркаган жол кайгуул кызматкеринин абалы туруктуу.Ийнинен алган жаракатына байланыштуу Балыкчы шаардык ооруканасында дарыланып жатат.

Аны менен кошо октон жабыркаган милиция кызматкери окуя болгондон соң аз өтпөй каза болгон. Аларды 9-февраль күнү кечки саат бештер чамасында Балыкчы шаарында белгисиз кишилер атып кетишкен.

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, экөө Боом капчыгайына кеткен жолдо өз кызматтарын аткарып жаткан болчу. Ок тийген кызматкерлердин аты-жөнү азырынча айтыла элек.

Милициядагы ыкчам маалыматка ылайык, ок чыгаргандар BMW үлгүсүндөгү унаада болгон. Кимдер экени белгисиз. Күч кызматкерлерин аткан соң өздөрүнүн машинесин таштап, Audi үлгүсүндөгү башка унаага отуруп, качып кетишкен. Алар минип кеткен машине ошол аймакта такси айдап иштеген кишиники экени айтылууда.

Окуяга байланыштуу милиция Ысык-Көл, Нарын, Чүй аймактарында күчөтүлгөн күзөт орноткон.(SE)

XS
SM
MD
LG