Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Ок тийген күч кызматкерлеринин аты аталды


Балыкчы шаарында белгисиз кишилер атып кеткен күч кызматкерлеринин ысымдары аталды. Октон каза тапкан милиция өкүлүнүн аты-жөнү - Бакыт Абдраев. Ал Балыкчы шаардык Ички иштер бөлүмүндө иштеген.

Ал эми ийнинен жараат алган Таштан Аскарбек уулу шаардык жол кайгуул кызматында иштейт. Учурда ооруканада. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов билдирди.

9-февраль күнү кечки саат бештер чамасында Балыкчы шаарында белгисиз кишилер аларды атып кетишкен. ИИМдин маалыматына ылайык, экөө Боом капчыгайына кеткен жолдо өз кызматтарын аткарып жаткан болчу.

Ок чыгаргандар BMW үлгүсүндөгү унаада болгон. Алар эки киши экени айтылууда. Күч кызматкерлерин аткан соң, өздөрүнүн машинесин таштап, ошол жерде турган Audi үлгүсүндөгү унаага отуруп, качып кетишкен.

Окуяга байланыштуу милиция Ысык-Көл, Нарын, Чүй аймактарында күчөтүлгөн күзөт орноткон. Кылмыш жасагандар кармала элек. (SE)

XS
SM
MD
LG