Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Тоолордон көчкү аттыруу уланат


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137, 198-265- чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150 чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары) жана Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) жолдорунда кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Мындан тышкары Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу (74-75-88-101-чакырымдары), Ала-Бука - Каңыш-Кыя (62-92-94-чакырмдары), Нарын - Торугарт (284-295-чакырымдары), Казарман - Акталчат (68-70-чакырымдары), Баетов - Ак-Кыя (63-68-чакырымдары), Арал - Миң-Куш (1-8-23-28, 31-36-чакырымдары) жолдорунда коопсуздукту камсыздоо максатында көчкү аттыруу иштери 16-февралга чейин уланат.

Министрлик бул күндөрдө тоолуу жолдордо жүргөн айдоочулардан өздөрүнүн жана жүргүнчүлөрүнүн коопсуздугу үчүн абайлоону жана унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кем эмес кармоосун суранат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG