Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:13

Атамбаев Сочиде Дмитрий Трелевский менен жолугушту


Мамлекет башчы Сочи Олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргоп жаткан спортчуга Олимпиаданын салтанаттуу ачылышында Кыргызстандын мамлекеттик желегин көтөрүп өткөндүгү жана тоо лыжа спортунда өлкөбүздүн намысын коргоп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Алмазбек Атамбаев ошондой эле мында анын машыктыруучусу Игорь Борисовдун кошкон салымы да чоң экенин белгиледи.
Дмитрий Трелевский президентке кышкы Олимпиадада Кыргызстандын намысын татыктуу коргоого бардык күч-аракетин жумшаарын убада кылып, мелдештерге катышууда колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн мекендештерине ыраазычылык билдирди.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Сочи олимпиадасынын жадыбалы боюнча 16-февралда супер гигант, 19-февралда гигант слалом жана 22-февралда слалом боюнча мелдештерге кыргызстандык лыжачы катышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG