Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Жунушбаев менен Курманов ар бири 7 жылга кесилди


Кумтөрдүн жетекчилеринен акча талап кылды деп айыпталып жаткан эки жигит 7 жылга эркинен ажыратылды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн Кумтөр ишканасынын жетекчилигинен 3 млн. доллар талап кылган деп айыпталып жаткан Эрмек Жунушбаев менен Бахтияр Курмановду ар бирин 7 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн чыгарды. Өкүмгө ылайык, соттолгондор күчөтүлгөн режимдеги абакта жаза өтөшөт жана алардын үй-мүлкү конфискацияланат.
Айыпталуучулар бүгүн соттогу айткан акыркы сөздөрүндө өздөрүнө тагылган айыпты моюнуна албасын, Кумтөр ишканасынын жетекчилигинен акча талап кылышпаганын билдиришкен.
Өткөн жылдын 28-августунда айрым телеканалдар аркылуу бир нече киши Кумтөр ишканасынын жетекчилигинен акча талап кылып жаткан кадрлар камтылган репортаж көрсөтүлгөн. Анда Саруу айлынын тургундары Эрмек Жунушбаев менен Бахтияр Курманов Кумтөр ишканасынын чет элдик өкүлү Дуглас Гриерден 3 млн. доллар бербесе, күзүндө кайра элди алып чыгабыз деп айтып жатканы жашыруун тартылып алынганы айтылган. Жунушбаев менен Курмановду УКМК өткөн жылы 31-майда Тамга айлындагы Кумтөр ишканасын электр энергиясы менен камсыз кылуучу подстанциянын өчүрүлүшү менен коштолгон нааразылык акциясынын башында турган деп да айыптаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG