Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Украин парламенти Конституцияны өзгөртөт


Украин парламенти Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөрдүн долбоорунун иштеп чыгат деп боолгонууда. Оппозиция лидерлери 2004-жылкы Конституцияга кайтууну талап кылууда. Ал Конституцияда парламенттин укугу президенттикинен күчтүү болчу. Мындай өзгөртүүгө президент Янукович жана парламентте көпчүлүктү түзгөн анын тарапкерлери каршы. Оппозиция лидери Виталий Кличко 9-январда Киевде он миңдеген жактоочуларына кайрылып, президент “диктаторлук укукка” ээ болбош керектигин белгиледи:

- Президент бизге жаңы Конституция үчүн жарым жыл керек деп айтууда. Биз Конституцияны азыр алмаштырып, 2004-жылдын Конституцияга бара алабыз. Анан жаңы Конституциянын долбоорун даярдаганга убакыт алабыз. Бирок бул жетишсиз. Эл кезексиз президенттик шайлоону талап кылууда.

Украинанын коопсуздук кызматтары аэропорттор жана электр станциялар сыяктуу маанилүү обьекттердке атайын чараларды күчөтүп, күзөтө баштады.

Бүгүн Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери “Чыгыш кызматташтыгы” программасына мүчө Украина жана башка мамлекеттердеги кырдаалды талкуулайт. Киевдеги антиөкмөтчүл демонстранттардын талабына карабай, Брюссел нааразылыкка чыккандарга аеосуз мамиле жасаган украин чиновниктеринин Биримдикке каттоосун чектөөгө жана банктардагы эсебин убактылуу камакка алууга барбайт. Бул жөнүндө европалык мартабалуу чиновник “Азаттык” радиосуна билдирди.

XS
SM
MD
LG