Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Экс-президент Роза Отунбаева Жалал-Абадда болду


Бүгүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өткөн жолугушууда экс-президент өлкөнүн ар бир облусунда жамааттык балдар бакчаларын уюштуруу, мектеп окуучуларын сапаттуу тамак-аш менен камсыздоо жана жайыт комитеттери менен биргеликте жайлоолордо балдар бакчасын ачуу маселесин козгоду. Анын айтымында, өлкөдө 1-4-класстын окуучуларынын тамак-ашына жыл сайын 475 миллион сом жумшалат:

- Биринчиден, жамааттык бала бакчалар өтө аз ачылып жатат. Экинчиден, жайлоодогу бала бакчаларды ачуу маселеси. Жайкысын малчылар балдарын үч ай каникулга алып кетет. Миң-миңдеген балдар жайлоодо үч ай саргайып, эчтекени билбей, окубай, мал карап жүрүшөт. Ал үчүн жайыт комитеттери менен иштеп атабыз. Үчүнчү маселе - мектеп балдарынын тамактануу процесси. Кыргызстанда жыл сайын балдардын тамактануусуна 475 миллион сом кетет, бирок сапаты белгисиз. Бул үчүн мамлекеттик программа иштеп чыгуу керек,
– деди экс-президент.

Жалал-Абад облусунда 191 балдар бакчасы бар. Былтыр 14 жамааттык бала бакча ачылган. Ошентсе да бакча менен облустагы наристелердин 17 пайызы гана камсыз болгон. (YA)

XS
SM
MD
LG