Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:40

Швейцариядагы референдум Брюсселди тынчсыздантты


Европа Биримдиги иммиграцияны чектөө боюнча Швейцарияда өткөн реферундумга өкүнүчүн билдирди. Өкмөт жарандарды “жок” деп добуш бергенге үндөсө да, 9-февралда добуш бергендердин 50,3% иммигранттарды чектөөнү жактады. Брюссел Швейцария өкмөтүнүн позициясын эске алуу менен бул референдум Евробиримдик менен алакага кандай таасир эткенин карап көрөрүн кулак кагыш кылды.
Референдумдун натыйжасы - швейцариялыктар иммигранттар улуттук маданиятты сактоого зыян кылууда, ижара акысын көбөйтүүдө, автотыгындарды жаратууда, кылмыштуулукту арбытууда деген чочулоону чагылдырат. Эми улуттук өкмөт үч жыл ичинде иммиграцияны оздуктоочу жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгышы керек. Референдум оңчул Швейцария элдик партиясынын демилгеси менен өткөрүлдү. Былтыр Швейцарияга 70 миңден ашуун чет элдик көчүп келген. Өлкөнүн 8 миллион элинин төрттөн бири чет элдиктер.

XS
SM
MD
LG