Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Балыкчыда ок аткандар өлтүрүлдү


Жалал-Абат облустук милиция башчысы Жеңиш Жоробековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча Заур Магомедов менен Бердимурат Арчаев кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөтүшкөн. Милиция аларды ок атып, өлтүрүүдөн башка аргасы болгон эмес. Окуя бүгүн түштөн кийин Токтогул шаарчасында болду.

Заур Магомедов менен Бердимурат Арчаев 9-февралда, күндүзгү саат беш чендерде Балыкчыда жол-кайгуул кызматкерин жана милиционерди кызмат өтөп жаткан жеринен атып, качып кетишкен деген шек менен издөөгө алынышкан болчу. Алар Тоңдогу жолдо бузулуп калган унаасын таштап, чоң жолдо бараткан Audi 6 автоунаасын ээсинен тапанча менен коркутуп тартып алып, андан ары айдап кетишкен. Алардын бузулуп калган унаасын тинтүү учурунда бет кап, жасалма чач жана бычак чыккан. Ок чыгаргандар айдап кеткен автоунаа бүгүн Бишкек-Ош жолундагы Көк-Бел ашуусунан табылды.

Ок жеген милиционер Бакыт Абдраев ооруканага жетпей каза тапкан, ал эми жол-кайгуул кызматкери Таштан Аскарбек уулу жарадар болуп, ооруканада.(EBm;ZKo)

XS
SM
MD
LG