Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Казакстанда британ жараны камакка алынды


Казакстандын батышындагы Урал шаарында британиялык Питер Барох эки айга камакка алынды. 38 жаштагы Барох жаш кыздар менен сексуалдык мамиледе болгон жана порнографиялык матриалдарды жайылткан деп айыпталууда. Ал жергиликтүү аял январдын ортосунда бойго жете элек кызын белгисиз эркек порнографиялык фильмге тартып алганы боюнча полицияга арыздангандан кийин 7-февралда камакка алынган. Барох мейманканага полиция келатканын көрүп, материалдар сакталган флэшкаларды өрттөп жибергенге аракет кылганы маалымдалды. Питер Барохтун айыбы далилденсе, тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Британ жаранга байланыштуу чатактан улам мейманкананын эки кызматкери жумуштан алынды. Окуяны кылдат териштирүүнү талап кылган активисттер интернетте жергиликтүү эки миңдей жарандын колун топтошту.

XS
SM
MD
LG