Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Сочи: Норвегиянын курама командасы алдыда


Сочиде Кышкы Олимпиада оюндары өтүүдө. Көркөм муз тебүү боюнча Орусиянын курама командасы 9-февралда алтын медалды утту. Евгений Плющенко эркектер арасында жана 15 жаштагы Юлия Липницкая аялдар арасында эркин программада биринчи болду. Жуп бийлөөдө эркин программада америкалык спортсмендер Мэрил Дэвис менен Чарли Уайт жеңди. Жыйынтыгында Орусиянын көркөм муз тебүүчүлөрүнүн командасы биринчи, канадалыктар экинчи жана АКШнын командасы үчүнчү орунду алды.

Жалпы алганда, азырынча эң көп медалды норвегиялыктар утту. Аларда 7 медал, нидерландарда 4 жана америкалыктарда 4 медал бар. Бул үч команда тең экиден алтын медаль уткан. Бүгүн беш алтын медаль ойнотулат.

Кырк жаштагы норвегиялык биатлонист Оле-Эйнар Бьорндален 12,5 чакырымга жарышта Кышкы Олимпидадагы 13-медалы үчүн күрөшөт.

XS
SM
MD
LG