Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Алматыда “Правдивая газетанын” үстүнөн сот башталды


Алматыда сот “Правдивая газетанын” шарттуу жаза мөөнөтү маалында өз нускасын жети миңдин ордуна сегиз миң деп көрсөтүп, окурмандарга натуура маалымат берип, мыйзамды бузду деп айыптады. Казакстандын бийлигин тартынбай сындаган гезиттин редактору берегидей айыптоо саясий жүйөдөн улам жасалды деп эсептейт. Тогуз ай мурда алгачкы саны чыккан “Правдивая газета” бул аралыкта үч айга шарттуу жабылган жана андан бери басылмага эки ирет чоң суммада айып салынган. Былтыр Европарламент Казакстандын бийликтерин саясий, медиа жана диний эркиндикти урматтабайт деп сындаган.

XS
SM
MD
LG