Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

АКШ: Ирандын аскер кемелери Пентагон үчүн кооптуу эмес


Ирандын АКШга жакын Атлантика мухитине аскер кемелерин жөнөтүү пландары Пентагон үчүн тынчсыздануу жаратпайт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын коргонуу министрлиги кабарлады.

Ишембиде "Фарс" маалымат агенттиги Ирандын аскер-деңиз флотунун офицеринин "АКШнын деңиз чек арасына жакындап калдык", - деген билдирүүсүн жарыялаган.

Пентагондун маалымат катчысы Стив Уоррен Атлантика океанындагы ирандык аскер кемелери тууралуу АКШнын маалыматы жоктугун кабарлады.

"Эгер Ирандын кемелери Атлантикага жетсе, алар таң калбасын. Океанда башка аскер-деңиз флотторунун кемелери дагы сүзүп жүрөт", – деди Уоррен.

"Фарстын" кабарлашынча, бул кадамга Тегеран америкалыктар Перс булуңунда өз аскер кемелеринин санын көбөйткөндөн кийин барган. АКШ жана өнөктөштөрү Перс булуңунда такай аскерий-деңиз флотунун машыгууларын өткөрүп турат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG