Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:08

Адам укуктары боюнча абал талкууланууда


Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары норвегиялык эксперттер менен эки күндөн бери Бишкекте өтүп жаткан адам укуктары боюнча семинарга катышууда.

Хельсинки комитетине караштуу тынчтык жана адам укуктары борбору уюштурган семинарда негизинен өлкөдөгү диний укуктар талкууга коюлуп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Мирлан Бакиров билдирди. Анын айтымында, Норвегиядан келген эксперттер Кыргызстанда диний укуктар чектелүү экенин айтып жатышат. Депутаттар эксперттердин бул пикирине кошулбай турганын белгилешүүдө.

Талкууга Жогорку Кеңештен Гүлнара Жамгырчиева, Мирлан Бакиров, Ирина Карамушкина, Эристина Кочкарова, Асия Сасыкбаева жана Майрамкүл Тиленчиева катышып жатат.

Семинарга Норвегиядан үч эксперт келген. (SE)

XS
SM
MD
LG