Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:05

Бишкекте Менделеевге арналган көргөзмө өтүп жатат

Орус окумуштуусу Дмитрий Менделеевдин 180 жылдыгына карата уюштурулган көргөзмө Улуттук китепканада өтүп жатат. Иш-чарага Менделеевдин өмүр-таржымалына арналган макалалар жана сүрөттөр коюлган. Бул тууралуу китепкананын басма сөз кызматынан билдиришти. Көргөзмө февралдын аягына чейин созулат.

Дмитрий Менделеев 1834-жылы Орусиянын Тобольск аймагында туулган. Ал химиядагы мезгилдүү системаны иштеп чыккан. Кыргызстандык мектеп окуучулары химия сабагын Менделеевдин жадыбалынын негизинде окушат. (SE)
XS
SM
MD
LG