Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Кар көчкү коркунучу жогору


Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Нарын облусундагы Нарын-Торугарт унаа жолунун 284-295-чакырымдарында, Казарман-Акталчак унаа жолунун 68-70-чакырымдарында, Баетова-Аккыя унаа жолунун 63-68-чакырымдарында, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 5-36-чакырымдарында кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу маалымдаган Өзгөчө кырдаалдар министрлиг бул жолдордо жүргөн айдоочулар унаалар аралыгын тиешелүү өлчөмдө сактоого тийиштигин өтүнүүдө.
Ошол эле учурда ӨКМ Коргоо министрлиги менен бирдикте тоолордогу карды атып көчүрүү иштерин улантып жатат.
Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунда аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу саат 18:00дөн саат 08:00 чейин унаалардын жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG