Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Ооруканага сабалып түшкөн балдар көбөйдү


Январь айында балдардын Бишкектеги шаардык клиникалык ооруканасына катуу сабалып жана башка адамдар тарабынан келтирилген залалдын кесепеттери менен беш бала кайрылган. Алардын ичинен эки бала ооруканага жаткырылып, бирөө башка ооруканага, калган экөө үйүндө дарыланууга жиберилген. Бул окуялардын бардыгы ички иштер органдарына катталды деп маалымдайт Бишкек шаар мэриясынын басма сөз кызматы.

Адистер кийинки убактарда жаш балдарга ата-энеси же башка улуу адамдар тарабынан күч колдонуу көбөйгөнүн белгилешүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG