Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Москвадан апкелинген балдарды жергиликтүү тургундар асыроодо


Акыркы үч жылда Москвадагы төрөт үйлөрүнө кыргызстандык кыз-келиндер калтырып кеткен 27 ымыркай апкелинди. Алардын ичинен сегиз баланы жергиликтүү ата-энелер асырап алышты, он наристе Саламаттыкты сактоо министрлигинин балдар үйлөрүндө тарбияланышууда. Калгандары биологиялык ата-энесине же алардын жакындарына берилген. Бул тууралуу КР Социалдык өнүктүрүү министрлигинин балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Марина Жапаркулова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда жакын арада Москвадан дагы теги кыргызстандык алты наристени алып келүүгө даярдык жүрүүдө.

Орусиянын төрөт үйлөрүндө кыргызстандык кыз-келиндер төрөп калтырган ымыркайлардын так саны тууралуу маалымат жок. 2011-жылдан тарта 2013-жылга чейин Орусиянын балдар үйлөрүнөн Кыргызстанга 24 бала жеткирилген. Өткөн жылы каржы министрлиги мындай балдарды апкелүүнү улантууга каражат жоктугун билдирип чыккан болчу.(KE;ZKo)

XS
SM
MD
LG