Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Магомедовдун качып кеткени боюнча дарыгерлерге кылмыш иши козголду


Бул тууралуу КР ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда Заур Магомедовдун ооруканадан качып кетүүсүнө жол берген дарыгерлерге “Шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Мамбеталиевдин маалыматы боюнча, Магомедовдун психикалык саламаттыгы кыргызстандык дарыгерлер тарабынан текшерилген эмес. Ошондой эле ал ооруканада өзүн эркин алып жүргөн, каалаган учурда кетип калчу. Өткөн жылдын аягында ооруканадан кетип калып, каракчылык кылып тапкан 50 миң долларга Боом капчыгайына калтырып кеткен BMW автоунаасын сатып алган.

Рафик Мамбеталиевдин айтуусунда Заур Магомедов Казакстанда кылмыш кылып кармалып, 2010-жылы ал жердеги дарыгерлер тарабынан “психикалык жактан жабыркайт” деген бүтүм менен Казакстандын Талгар шаарындагы психикалык ооруканасына жаткырылган. 2012-жылы Кыргызстандын Кызыл-Жар психикалык ооруканасына которулган. Ал жерден 5-февраль күнү качып кетип, 9-февралда Балыкчыда милиция кызматкерин өлтүргөн.

Заур Магомедов жана анын шериги Бердимурат Арчаевдин колунан ок жеген милиция кызматкерлеринин бири ооруканага жетпей жан берген, экинчиси жарадар болуп ооруканада. Милиционерлерге ок чыгарган экөө кечээ Токтогул шаарчасында милицияга куралдуу каршылык көрсөткөнү үчүн атып өлтүрүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG