Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

Магомедовдорду унаасында жашырган адам сурак берүүдө


Токтогул районунун тургуну, 25 жаштагы айдоочу 9-февралда Балыкчыда милиционерди өлтүрүп, качып жүрүшкөн Заур Магомедов менен Бердимурат Арчаевди өзүнүн унаасында жашырып алып жүргөн. Милиция аны кылмышкерлерге жардам берген деген шек менен кармап, учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев билдирди.

9-февралда Балыкчыда милиционерлерге ок атып качып кеткен эки адам: Заур Магомедов жана Бердимурат Арчаев Токтогул районунан табылган. Алар Токтогулдук тургунга таандык “Хонда-Одиссей” автоунаасында отурган жеринен милиция тарабынан өлтүрүлгөн. Алардын жанынан 9-калибрлүү Макаров пистолети табылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG