Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Беларус элчилигинин алдында пикет болду


Кыргызстандык укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкектеги Беларус элчилигинин алдында пикетке чыгып, Беларуста хоккей чемпионатын өткөрүүгө каршылыгын билдирди. Укук коргоочунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча ал жерге тартип коргоо кызматкерлери келип, анын “Лукашенко, элчиңди чакыртып ал” жана “Бакиевден канча акча алдың?” деп жазылган эки плакатын тартып алып, пикет бүткүчө бербей коюшкан. Ал эми “Беларус хоккей чемпионатын өткөрүүгө укугу жок” деген жазуу жазылган плакатка тийген эмес.
Укук коргоочу Беларуста хоккей чемпионатын өткөрүүгө каршылык иретинде мындан ары жума сайын пикетке чыкмакчы. Өндүрүш Токтонасыров ошондой эле ТИМдин мамлекеттик протоколдор департаментине Беларус элчисинин аракеттери боюнча кайрыларын да “Азаттыкка” билдирди.

Мурунку президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоодон баш тартканы үчүн Беларус бийлигин сындаган укук коргоочу буга чейинда элчиликтин алдында көп жолу нааразылык акцияларын өткөргөн.

Хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионат Минск шаарында быйыл май айында болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG