Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

“Жаштар демилгечил тобу” өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоду


Кайрылуу Кыргыз президентине, премьер-министрине, Жогорку Кеңештин депутаттарына чек ара маселелери боюнча жолдонду. Анда Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери 22 жылдан ашуун убакыт өтсө да, мамлекеттүүлүктүн негизги символу болгон чек ара маселелери чечилбей келе жатканы, бийлик бул маселени тез арада чечүүгө аракеттенүүгө тийиш экени белгиленген.
Кайрылуу ээлери “Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш жер участоктору делимитация жана демаркация болгончо чек ара бекеттерин жабык бойдон калтырууну; Жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чек арада жайгашкан айылдарга кошумча күчтөрдү кайрадан киргизүүнү; Чек ара сызыктарын тактоо жана аны тикен зымдар менен тосуп берүүнү тездетүүнү;. Аксай – Тамдык – Көк-Таш – Рават жолун тез арада бүтүрүүнү; Баткен облусунун Баткен районундагы чегарага жакын жайгашкан Ак-Сай, Тамдык, Көк-Таш, Согмент, Таян жана Самаркандек айылдарынын жашоочуларын жер салыктан бошотууну жана электр энергиясын бекер берүү маселесин тез арада чечүү талабын коюшкан.

Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы Баткен облусунда чек ара маселелерине байланыштуу болгон чыр-чатактардын саны кырктан ашкан.(JsA)

XS
SM
MD
LG