Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Царнаевдин адвокаттары сот жыйынын жылдырууну талап кылууда


Өткөн жылдын апрелинде Бостон шаарындагы марафон маалында кош жардырууну уюштурган деп айыпталып жаткан Жохар Царнаевдин адвокаттары соттук териштирүүнү бери дегенде 2015-жылдын сентябрына чейин жылдырууну тылып кылууда. Бул тууралуу Бостондогу федералдык сотко Царнаевдин адвокаттары менен прокуратура жиберген биргелешкен билдирүүдө айтылат.

Царнаевдин адвокаттары ишке тиешелүү миңдеген документтер менен далилдерди карап чыгуу керектигин айтышууда. Прокуратура болсо соттук териштирүүнү качан баштоо тууралуу эч нерсе айткан жок, алардын пикиринде сот иши үч айга чейин созулушу мүмкүн. Эгерде Царнаев айыптуу деп табылса, өкүм угузуу бир жарым айга чукулдачудай. Январь айында АКШнын юстиция министри Эрик Холдер Царнаевди өлүм жазасына өкүм кылууну талап кылган.

Өткөн жылы Бостон марафонунда ага-ини Царнаевдер уюштурду деген жардырууда үч киши набыт болуп, 250дөн ашык адам ар кандай жараат алган. Тамерлан Царнаевди полиция кармоо учурунда атып өлтүрсө, Жохар жардыруудан кийин Бостондун чекесинде кармалган. Абакта жаткан Жохар Царнаев өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG