Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Адил Тойгонбаев бошотулду


Эл аралык издөөнүн негизинде Москвадан кармалган Адил Тойгонбаев бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын күч органдарды Тойгонбаев Казакстандын жараны болгондуктан, ал Кыргызстанда кылмышкер деп айыпталып, издөө жарыяланганы менен, Бишкекке өткөрүп берилбей турганын билдирген.

Адил Тойгонбаевди 9-февралдын кечинде Европага учуп кетер алдында Интерполдун издөө кызматы Москвада кармап, эки суткага камаган болчу.

Тойгонбаев Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин улуу кызы Берметтин күйөөсү. 2005-жылкы ыңкылаптан кийин ага “финансылык көз боёмочулук кылган, салык төлөбөгөн” деген айыптар менен эл аралык издөө жарыяланган.

Алматы шаардык милициясы 2013-жылы да Тойгонбаевди кармап, кийин коё беришкени белгилүү. (SE)

XS
SM
MD
LG