Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Атамбаев Медведев менен экономикалык маселелерди сүйлөштү


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Москвада орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугуп, мындан аркы экономикалык кызматташууларды сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Бажы биримдигинин Кыргызстанга тийгизиши мүмкүн болгон зыяндарын азайтуу жаатында да сөз болду. Атамбаев буга чейин Бажы биримдигине Кыргызстан улуттук кызыкчылыктар корголгон учурда гана кирээрин айткан.

Атамбаевдин Сочи олимпиадасынын ачылышына келгени үчүн ыраазычылык билдирген Медведев эки өлкө ортосунда буга чейин кол коюлган келишимдер аягына чейин аткарылышына ишенээрин билдирди.

Өлкө башчысы 8-февраль күнү Сочида Орусия президенти Владимир Путин менен да жолуккан. (SE)

XS
SM
MD
LG