Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Келдибековду белгисиз бирөөлөр ооруканадан чыгарып кетүүгө аракет кылууда


Ушул тапта Бишкекте ооруканада жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековду белгисиз адамдар алып кетүүгө аракет кылып жатышат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаттары: Бөдөш Мамырова менен Надира Нарматова маалымдашты.

Алардын айтымында, Келдибековду алып кетүүгө аракеттенип жаткандар кечки саат 6 чендерде келген. Депутаттар аларды УКМКнын жана прокуратуранын кишилери болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Бирок бул маалыматты азырынча аталган органдардан тактоого мүмкүн болгон жок.

Акматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, 22-ноябрда камакка алынган. Бир топ күндөн бери ден соолугу начарлап, Бишкектеги №4 ооруканада дарыланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG