Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:18

Сочи: 6 миңден ашуун мигрантка акы төлөнөт


Сочидеги олимпиадалык курулуштарда иштеп, бирок эмгек акы албаган алты миңден ашуун жумушчуга акча төлөнөт.

Эл аралык олимпиада комитетинин расмий өкүлү Марк Адамс эл аралык комитет эмгек акы төлөп бербеген 500гө жакын курулуш компанияларды текшерип, аларга айып пул салып, жумушчуларга компенсация төлөп берүүгө милдеттендиргенин билдирди. Адамстын айтуусунда, орус бийликтери курулуштарда иштеген мигранттардын эмгек акысынын толугу менен төлөнүшүнө кызыкдар экендигин көрсөткөн.

Сочиде өтүп жаткан XXII Кышкы олимпиадага даярдыктар курулуш компаниялар массалык түрдө мигранттардын эмгегин жеп, укугун бузду деген даттануулар менен коштолду.

XS
SM
MD
LG