Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Келдибеков ооруканадан кеткен жок


Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков ооруканадан кеткен жок. Дарыгерлер анын ден соолугун көзөмөлдөөнү улантууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттын адвокаты билдирди.

Бүгүн кечке жуук белгисиз бирөөлөр Келдибековду ооруканадан алып кетүүгө аракет кылганын парламенттеги депутаттар Бөдөш Мамырова менен Надира Нарматова “Азаттык” радиосуна маалымдашкан болчу.

Депутаттар ал кишилерди УКМКнын жана прокуратуранын кишилери болушу мүмкүн экенин айткан. Алардын колунда Келдибековду оорукандан чыгарууга уруксат берген кагаздын көчүрмөсү болгон.

Учурда ооруканада абал тынч. Келдибековдун жанында адвокаты жүрөт.
Окуя боюнча күч органдары азырынча маалымат бере элек.

Акматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, өткөн жылы күздө камакка алынган. Бир топ күндөн бери ден соолугу начарлап, Бишкектеги №4 ооруканада дарыланууда. (SE\MiT)

XS
SM
MD
LG