Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Швейцарияда Кыргызстандын күндөрү өтөт


Швейцариядагы кыргызстандык жаш музыканттар Биримкулова эже-сиңдилер, Лүцөрн шаары.
Швейцариядагы кыргызстандык жаш музыканттар Биримкулова эже-сиңдилер, Лүцөрн шаары.
Тоолуу Швейцариянын Лүцөрн (Люцерн) шаарында августтун соңунда Кыргызстандын Швейцариядагы күндөрү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар Swiss Kyrgyz Club жана кыргыз-швейцар "Брүке нах Киргизистан" (Brücke nach Kirgisistan) уюмдары кабарлады. Аталган иш-чара 28-августтан 31-августка чейин өтөт.

Майрам Чыңгыз Айтматовдун урматына арналган адабий кече менен башталат. Андан соң "Кыргызстан аркылуу – маданияттар кесилиши" долбоорунун жетекчиси Йохан Ебенхох жөө жүрүш уюштурат. Аны менен бирге Швейцариянын Кыргызстандагы мурдагы консулу Ханспетер Мааг, Орловкадагы тоо-чаңгы (лыжа) базасынын инвестору Ханс-Петер Пляйш жана "Кыргызстанга көпүрө" уюмунун жетекчилиги конокторго маек куруп беришет.

Кыргыз мекендештеринин Европадагы биринчи форуму 30-августта башталып, Эгемендүүлүк күнү – 31-августта кыргыз улуттук музыка кечеси менен аяктайт. Кыргызстандын Швейцариядагы күндөрү учурунда конокторго улуттук тамак-аш дагы тартууланат. (BAz)

XS
SM
MD
LG