Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Жамашева: Сот реформасы аягына чыгышы керек


Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева Кыргызстандагы сот тармагын реформалоо үч багытта кетиши керек деген пикирин бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда сот системасына өз ишин мыкты билген адистер келиши керек, ошондой эле соттордун материалдык-техникалык базасын күчтөндүрүү зарыл, үчүнчүдөн болсо соттор чыгарган чечимдердин сапаты жана жоопкерчилиги көтөрүлүүсү тийиш.
Төрайым ошондой эле бүгүнкү күнү соттук имараттардын абалына көңүл бурууга жана тармакта иштегендердин айлык акыларын карап чыгууну сунуштады.

Сурамжылоолор көрсөткөндөй, Кыргызстандагы сот системасы эң коррупциялашкан тармак болуп эсептелет. 2010-жылы сот тармагын реформалоо үчүн Сотторду тандоо кеңеши ишке кирген. Констутициялык сот жоюлуп, анын ордуна Жогорку соттун Конституциялык палатасы түзүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG