Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Келдибековдун сол чыканагына операция жасалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Акматбек Келдибековдун адвокаты Татьяна Чельникина билдирди. Анын айтуусунда операцияны профессор Сабыр Жумабеков жасады.
Акматбек Келдибековдун саламаттыгына байланыштуу маселе бүгүн парламентте да каралып, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева депутаттарга маалымат берди. Министрдин айтуусунда бүгүнкү күнгө чейин Акматбек Келдибековго үч жолу операция жасалды. Алгач тизесине, кийинчерээк оң чыканагына жана бүгүн сол чыканагына операция жасалган.
Ошондой эле Келдибеков дарыланып жаткан №4 оорукананын башкы врачы Алмаз Кубанбеков депутаттардын алдында маалымат берип, депутат эртең таңкыга чейин реанимация бөлүмүндө каларын, абалы туруктуу болсо, палатага чыгарыларын кошумчалады. Врачтын айтуусунда операциядан кийинки жарат күн сайын жаңыланууга тийиш, ошондуктан, мындай операциядан кийин адатта бейтаптар 12-14 күндөн кийин гана ооруканадан чыгарылат.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, 22-ноябрда камакка алынган. Депутат өзү жана оппозиция өкүлдөрү ал саясий себептерге байланыштуу камалды деген пикирде.(ZKo)

XS
SM
MD
LG