Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Ооган апаатына катышкан жоокерлер эскерилди


Бүгүн Улуттук филармониянын чоң залында Ооган апаатын эскерүү жыйыны өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.
Ооган апаатына 7141 кыргызстандык жоокер катышкан, алардын ичинен 249 жоокер набыт болгон, 1500 жарадар болгон жана контузия алышкан. Ал эми төрт аскер: Нурбек Кудайбергенов, Петр Зимонговский, Евгений Харитонов, Орозалы Кочкоров дайынсыз жоголгон. Аларды издөө Интернационал жоокерлердин иштери боюнча Комитеттин өкүлдөрү генерал-майор Руслан Аушевдин жетекчилиги астында изделүүдө.

Ооганстанга Советтик аскерлер 1979-жылы кирип, 1989-жылы 14-февралда чыгарылган. (ATE)

XS
SM
MD
LG