Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

Барак Обама Орусияны сындады


АКШ президенти Орусияны БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирияга каршы чара көрүүсүнө бөгөт коюуда деп сындады. Батыш державалары президент Асаддын өкмөтүнөн козголоңчулардын ээлигиндеги аймактарга гуманитардык жардамды токтоосуз өткөрүүнү камсыздоону, болбосо санкция колдонуларын айтып коркутууда.

Президент Обама Орусияны берегидей резолюцияга каршы чыгып, жарандардын каатчылыктан жапа чегишине Сирия өкмөтүндөй эле жооптуу деди. Бул оюн Обама 11-февралда Франция президенти Франсуа Олланд менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында айтты. Берегидей санкцияны Франция колдогон. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Коопсуздук кеңешине шейшемби күнү киргизилген резолюциянын текстинде гумжардам өткөрүлбөйт деп, жалгыз Сирия өкмөтүн каралоого аракет жасалганын билдирди.

XS
SM
MD
LG