Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:31

Уйгур сепаратисттериники делген кат иликтенүүдө


1-февралда Кыргызстандагы айрым маалымат каражаттарына электрондук почта аркылуу кат келип түшкөн. Анда орус жана англис тилдеринде “Жакында кыргыз чек арачыларынан өч алабыз.11/11” деген жазуу жазылган. Каттын ээси катары Чыгыш Түркестан ислам кыймылынын кыскартылган аббревиатурасы жазылган. Кыргызстандык күч органдары бул катты иликтеп, Кытайдын Шиңжаң Уйгур автономиялык районундагы Хотан шаарында катталган интернет даректен келгенин аныкташкан.

Бул маалыматты КР вице-премьер министр Токон Мамытов “Азаттыкка” тастыктады.

Маалыматтарга ылайык, бул өткөн айда Ысык-Көлдөгү Ак-Шыйрак чек ара тилкесин мыйзамсыз басып кирип, кыргыз-кытай чек арасында атып өлтүрүлгөн адамдарга байланыштуу болушу ыктымал. Буга чейин чек арада өлтүрүлгөн 11 киши Кытайдын Турпан ооданына караштуу Ушу деген шаарчасынан келген болушу ыктымалдыгы айтылган.(BkA:ZKo)

XS
SM
MD
LG