Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Сочи: Гигант-слалом жарышында аялдар алтын медалды “бөлүшөт”


Олимпиада оюндарынын тарыхында биринчи жолу тоодон ылдам лыжа тебүү -гигант-слаломдо жеңүүчүлөр алтын медалды “бөлүп алышты”. Аялдар арасында 2,7 километрге бийиктен ылдый түшүүдө бөлөк-бөлөк жарышса да швейцариялык Доминик Гизин жана словениялык Тина Мазенин убактысы тең: 1 минут 41, 57 секунд болду.

Күмүш медаль эч кимге берилбейт. Марага эки курдашынан 0,1 секунд кеч келген швейцариялык Лара Гут коло медаль алат. Алгач 1964-жылкы Инсбургдагы олимпиадада гигант слаломчулар: франциялык Кристин Гойчел жана америкалык Жон Соберт тең келип, күмүш медалды “бөлүп алышкан”.

Доминик Гизин Швейцариянын аялдар командасына 1984-жылдан бери биринчи жолу алтын медаль утуп берди.

XS
SM
MD
LG