Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Кыргызстандык чаңгычы Сочи олимпиадасына катышпай калды


Кыргызстандык чаңгычы Дмитрий Трелевский машыгуу учурунда жамбаш булчуңун кокустатып алды. Ошондуктан слалом жана слалом-гигант боюнча мелдешке катыша албайт. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын физкультура жана спорт комитетинин сайты маалымдады.

Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилиги Трелевскийди башка спортсмен менен алмаштырууну өтүнүп Эл аралык Олимпиада комитетине кат жолдогон.

Дмитрий Трелевский Сочи Олимпиадасына катышуу үчүн Кыргызстандан барган жалгыз спортчу эле.

XS
SM
MD
LG