Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Сочиде Эрик Френцель алтын медалды утту


Чаңгычан трамплинден секирүүдө жана 10 км. жарышууда германиялык Эрик Френцель алтын медалды утту. Күмүш медалды жапон Акито Ватабе, коло медалды новегиялык Магнус Крого жеңди.

Аялдар арасында гигант слаломдо же 2, 7 километрге бийиктен ылдый швейцариялык Доминик Гизин жана словениялык Тина Мазенин убактысы тең: 1 минут 41, 57 секунд болду.

Ошон үчүн Олимпиада оюндарынын тарыхында биринчи жолу тоодон ылдам лыжа тебүү-гигант слаломдо жеңүүчүлөр алтын медалды “бөлүп алышты”. Күмүш медаль эч кимге берилбейт. Коло медалды да швейцариялык Лара Гут айым утту. Доминик Гизин Швейцариянын аялдар командасына 1984-жылдан бери биринчи жолу алтын медаль утуп берди.

Финляндиялык хоккейчи аялдар Сочиде Швейцариянын командасын 4:3 эсебинде жеңди.

XS
SM
MD
LG