Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Эколог Витишко түрмөгө айдалды


Орусиялык белгилүү табият коргоочу, Сочидеги олимпиада курулуштарынын сындоочусу Евгений Витишконун өкүмүн Краснодар крайынын соту күчүндө калтырды. Евгений Витишко жана “Түндүк Кавказдагы экологиялык вахта” уюмунун башка бир активисти Сурен Газарян 2012-жылы крайдын губернаторуна таандык тамдын тегерегиндеги кашааны мыйзамсыз курулган дешип боёп салганы үчүн үч жылга шарттуу кесилген.

Декабрда Туапсе шаардык соту Витишкону жаза мөөнөтүнүн эрежесин бузду деп колонияга жөнөтүү жөнүндө өкүм чыгарган эле. Эл аралык мунапыс уюму Евгений Витишкону “абийир туткуну” деп жарыялаган. Сурен Газарян былтыр Эстониядан саясый баш паанек алган.

XS
SM
MD
LG