АКШнын Чалгындоо кызматынын башчысы Ооган президенти Хамид Карзайдын Вашингтон менен Эки жактуу коопсуздук келишимине кол коёруна ишенбейт. Мындай оюн Жеймс Клаппер 11-февралда Сенаттын Аскерий кызматтар боюнча комитетинде айтты. Клаппер берегидей күдүктөнүүсүн ачык айткан АКШнын биринчи мартабалуу ырасмий адамы.
Кошмо Штаттар быйыл Ооганстандан эл аралык күчтөр чыгып кеткенден кийин өлкөдө 10 миң чамалуу аскерин кармап турууну каалайт. Бирок Пентагон жакын арада коопсуздук келишими түзүлбөсө, аскерлерди толук чыгарып кетерин эскерткен. “Эгер жаңы президенттин кол коюшун күтөбүз деп жарыя кылса, эмне болот?” деген суроого, Клаппер “оң таасир этиши ыктымал” деп жооп кайтарды.
Ооганстанда президенттик шайлоо апрелде болот. Ага азыркы президент Хамид Карзай - конституцияга ылайык катыша албайт.