Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Сочи-2014: Трелевскийдин ордуна Тимофеев катышышы мүмкүн


Сочи олимпиадасына катышып жаткан кыргызстандык Дмитрий Трелевскийдин ордуна Евгений Тимофеев мелдешке чыгышы күтүлүүдө.

Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилиги Трелевскийди башка спортчу менен алмаштырууну өтүнүп Эл аралык Олимпиада комитетине кат жолдогон. Анын жообу бүгүн билинет. Бул тууралуу “Азаттыкка” дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Трелевский 12-февраль күнү машыгуу учурунда алган жаарытанан улам олимпиада оюндарын уланта албайт. Анын ордуна барышы күтүлүп жаткан Евгений Тимофеев олимпиадага катышуу үчүн бардык нормативдерди тапшырган.

Трелевский лыжа спортунун үч түрүнөн ат салышмак. Жадыбал боюнча 16-февралда супер гигант, 19-февралда гигант слалом жана 22-февралда слалом боюнча мелдештерге чыгышы керек эле.

7-февралда башталган олимпиада оюндары 23-февралда жыйынтыкталат. Соңку натыйжаларга ылайык, медалдардын саны боюнча Норвегия биринчи орунда келатат. Анда азыр 12 медаль бар. Ал эми алтын медалдар боюнча Германия алдыда. Немистер бир жума ичинде топтогон 8 медалдын алтоо алтын. (SE\KMa)

XS
SM
MD
LG