Жогорку Кеңеш депутаты Тынчтык Шайназаров Жалал-Абаддагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык оорукананы Жаза аткаруу кызматына өткөрүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат парламенттин бүгүнкү отурумунда билдирди. Шайназаровдун айтымында, аталган психиатриялык ооруканада акылы-эси жайында эмес адамдар дарыланат. Бирок акыркы учурда киши өлтүрүү өңдүү оор кылмышка шектелген кээ бир адамдар акыл-эси жайында эмес деген жалган маалымдама менен ооруканага жатып, жазадан кутулууга аракет кылууда. Мындан улам депутат аталган оорукананы Жаза аткаруу кызматынын карамагына өткөрүп, көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады.
Өткөн жекшембиде Балыкчыда эки милиция кызматкерин атып качып кеткендердин бири Заур Магомедов аталган ооруканада дарыланып жатканы белгилүү болгон. Оор кылмышка айыпталган Магомедов бул ооруканага каалагандай келип-кетип жүргөнү айтылууда. Буга байланыштуу психиатриялык оорукананын дарыгерлерине “шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү башталды.(BkA)