ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:16

Жети-Өгүздөгү жол кырсыгы боюнча иш козголду

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда жол кырсыгына себеп болгон жагдайлар иликтенүүдө.

Кечээ Каракол-Балыкчы жолундагы Шалба айылына жакын жерде Toyota Еstima үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка учураган. Кырсыктан алты адам каза болуп, үчөө жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Каза болгондордун бири 10 жашар бала.(BkA)
​
XS
SM
MD
LG