Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Сочиде грузиялык чаначы Нодар Кумариташвили эскерилди


Мындан туура 4 жыл мурда, 2010-жылдын 13-февралында Канаданын Ванкувер шаарында өткөн Олимпиадада грузиялык чаначы Нодар Кумариташвили машыгуу учурунда саатына 143 ылдамдык менен чана тээп баратып, кырсыктап каза тапкан. Сочиде Эл аралык олимпиада комитетинин эртең мененки жыйынында аны бир мүнөт эскеришти. Красная Полянадагы «Санки» чана-бобслей трассасында Нодар Кумариташвилини эскерип, гүлчамбар коюшту. Каза болгон чаначыны эскерүү иш-чарасы Грузияда дагы өткөнүн өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.

Учурда Орусиянын Сочи шаарында кышкы олмипиада оюндары өтүп жатат. Мелдештин азыркы жыйынтыгы боюнча, командалык эсепте Германия алдыда келатат.(KMa)

XS
SM
MD
LG