Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Молдобаев: Мамдирекция мыйзам бузууларга жол берген


Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссиянын төрагасы Нарынбек Молдобаев билдирди. Анын айтымында, дирекция өз ишинде бир катар финансылык мыйзам бузууларга жол берип, курулуш иштерин сапатсыз жүргүзгөн. Ошондуктан комиссия аталган дирекциянын ишин Эсеп палатасы кайрадан текшериши жана буга укуктук бааны Башкы прокуратура бериш керек деген корутунду чыгарган.

Буга чейин Эсеп палатасы дирекциянын ишин текшерип, мыйзам бузуу аныкталбаганын билдирген болчу. Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү болсо бул текшерүүлөр үстүртөдөн жүргүзүлгөн деп билдирүүдө.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы 2010-жылдын июнь окуясынан кийин түзүлгөн. Ал жабыркагандарга жардам, курулуш жана каржылык көмөктү жөнгө салуу милдетин аткарып келген. Дирекция мамлекеттик башкарууну оптимизациялоо боюнча комиссия сунушуна байланыштуу былтыр январь айында жоюлган.(BkA)

XS
SM
MD
LG