Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Карачиде жардыруудан 11 адам мерт кетти


Пакистандын Карачи шаарында полиция кызматкерлери түшкөн автобуста жардыруу болуп, 11 адам набыт кетти жана кеминде 50 адам жараат алды. Жарадарлардын көбүнүн абалы оор. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын Пакистандагы кызматы кабарлоодо.

Пакистан полициясынын билдиришинче, азырынча жанкечти жардыруу жасадыбы же бомба жарылдыбы белгисиз. Учурда Пакистандын өкмөтү талиптердин өкүлдөрү менен зомбулукту токтотуу максатында тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүдө.

11-февралда Пешаварда да кинотеатрга чабуул жасалып, 13 адам мерт кеткен.(AiK)

XS
SM
MD
LG