Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Казакстан: активисттер Келимбетов менен жолукту


Казакстандагы теңгенин арзандашына нааразы активисттердин тобу бүгүн Улуттук банктын төрагасы Кайрат Келимбетов менен жолукту.

Алар девальвациянын кесепеттерин жумшартуу максатында республикалык комиссиянын түзүлүшүн талап кылышты. “Азаттыктын” кабарчысынын маалыматы боюнча, Кайрат Келимбетов бирдиктүү комиссия түзүү максатына каршы чыкты. Келимбетовдун ою боюнча, бир нече комиссия түзүлүшү керек. Алардын айрымдары ипотекалык кредиттер боюнча иштесе, экинчиси азык-түлүк бааларын көзөмөлдөшү керек. Келимбетовдун айтымында, ипотекалык көйгөйлөр боюнча комиссия түзүлүп, бүгүн анын биринчи отуруму өтөт. Чогулган активисттер Келимбетовго колдоо толук көрсөтүшкөн жок, бирок анын айрым сунуштары менен макул болушту. Улуттук банктын имаратынын жанына ондогон адамдар келишти, бирок банкка 6 адамдан турган делегация гана кире алды.

Кечээ Алматыда Улуттук банктын алдында Кайрат Келимбетовдун кетишин талап кылып, ондогон адамдар пикетке чыккан. (AiK)

XS
SM
MD
LG