Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Каримов Чехияга сапарын кийинкиге калтырды


Өзбек президенти Ислам Каримов Чех Республикасына 20-22-февралда жасалчу расмий иш сапарын кийинкиге жылдырды. Чехиянын "Респект" гезити Чехиянын тышкы иштер министри Любомир Заоралек бул маалыматты тастыктаганын жазды.Чехиянын президентинин тышкы иштер боюнча кенешчиси Хинек Кмоничек “Азаттыкка” сапар чын эле жылдырылганын тастыктады, себеби өзбек делегациясынын программасы өзгөргөн. Автократ лидердин Чехияга келиши талкуу жаратып, укук коргоочулар өлкөдөгү саясий камоолорду, кыйноолорду, пахта терүүгө мажбурлоону сындашкан. Шаршемби күнү 31 профсоюз, инвесторлор жана укук коргоо уюмдары Чехиянын президенти Милош Земанга ачык кат жолдошуп, аны Каримовдун сапарынан баш тартууга чакырышкан. Земан Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду Прагага чакырганын туура чечим деп билдирген эле. Эгер Каримов Прагага келсе, бул анын 2005-жылдан тарта Европа Биримдигине жасаган үчүнчү сапары болмок. 2005-жылы Анжиян кандуу окуяларынан кийин ЕБ Ташкентке санкцияларды киргизген. (AiK)

XS
SM
MD
LG